«БАЛБАЙ»
«БАЛБАЙ» - тарыхый поэма. Поэманын баш каарманы - Балбай Эшкожо уулу (1813-1867), бугу уруусунан чыккан элдик баатыр. Ал 19-кылымдын 50-60-жылдарында бугу м-н сарбагыштын, Чыгыш Түркстандагы цин-манжур эзүүсүнө каршы кармаштарга катышып, дайыма жеңишке жетишкен, кыргыз элинин, анын ичинде бугу элинин эркиндиги үчүн башын өлүмгө сайган. Жазма даректерге жана санжырачылардын айтуусуна караганда 60-жылдын акырына чейинки мезгилдеги кыргыздардын сырткы жана ички душмандары менен эркиндик, тынчтык үчүн болгон күрөштөрүндө Балбай катышпаган окуялар аз. Сегиз ай жанында чаар бараңы, чылк тарамыш менен көктөлгөн кандагай шымы, акчопкут, ок өтпөс зоот кийими, түпөктүү сыр найзасы, белинде айбалтасы болгон. Бугунун мүйүзүнөн жасалган ок-дары салгычы, алты кисе октору, кебез милте, куу тинте, оттук таштары дайыма бел курунда жүргөн. Ал жамактатып ыр чыгарган акындыгы да бар адам болгон экен. Балбай тууралуу баяндар, тарыхый маалыматтар КР УИАнын Манас таануу жана көркөм маданитяттын улуттук борборунун Кол жазмалар фондунда айтуучулар Б. Айтбаев (1926-ж.,
X. Карасаев жыйнаган, латын арибинде); Жакшылык Сарык уулу (1925-27-ж., Осмонаалы Мамыркан уулу жыйнаган); айтуучусу белгисиз «Балбай, Балбак» (1940-ж., латын арибинде) деген варианттар сакталып турат. Бул темага акын К. Маликов да кайрылып, «Балбай» поэмасын 1940-жылы жазган. Поэма Ормон хан Балбай колдуу болуп өлүп, сарбагыш элине кантип кун төлөйбүз деп Боромбай эл башчылары менен кеңеш куруп жаткан жерден башталат. Эки уруу элдин жаңжалы акылга салынбаган кызуу кандуулук, куру намыстан улам чыккан. Окурмандардын сүймөнчүлүгүнө ээ болуп, нускасынын (7100) көптүгүнө карабай китеп бат эле сатылып кеткен. 1946-ж. «Звезда», «Ленинград» журналдары жөнүндөгү токтом чыккандан кийин, токтомдо белгиленген зыяндуу кемчиликтерди кыргыз совет адабиятынан дагы табуу милдети турган. Адегенде эле «Балбай» колго урунган. Токтомдон кийин «Балбайды» сындаган, авторуна ар кандай, анын ичинде саясий күнөө койгон макалалар, адабий чогулуштарда сүйлөнгөн сөздөр үстү-үстүнө кошула берген. 1952-ж. 15- мартта Кыргызстан КП(б) БКнын бюросунда поэмага корутунду чыгарылган. Анда К. Маликовдун «Балбай» поэмасында кыргыз элинин өткөн феодалдык турмушу идеалдаштырылган, тарыхый айрым адамдар, алсак Балбай элдик баатыр катары даңазаланган деп белгиленген ж-а поэманы китеп текчесинен алып салууга көрсөтмө берилген. Кандай кысымга алынып, жалган караланган күндө да «Балбай» поэмасы бизге 19-кылымда болуп өткөн кыргыз тарыхынын орчундуу бир учурун тарыхый окуялардын негизинде таасын бере алгандыгы м-н баалуу. Ошондой эле Э. Турсуновдун «Балбай» (1992), аттуу тарыхый романы бар.
Ад.: Артыкбаев К. Кыргыз адабиятынын тарыхы. Ф., 1990; Маликов К. Балбай. Б., 1991; Турсунов Э. Балбай. Б., 2002. А. Обозканов, Ж. Медералиева.