«БАХР АЛ-АСРАР ФИ МАНАКИБ АЛ-АХЙАР» («АЖАЙЫП АДАМДАРДЫН ДЕҢИЗДЕЙ ТЕРЕҢ КАСИЕТИ ТУУРАЛУУ») –

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

«БАХР АЛ-АСРАР ФИ МАНАКИБ АЛ-АХЙАР» («Ажайып адамдардын деңиздей терең касиети тууралуу») – Махмуд ибн Валинин энциклопедиялык чыгармасы. Космография, география жана жалпы тарыхты камтыган көлөмдүү бул эмгек ошол кезде Балх аймагын бийлеп турган, аштархандар тукумунан чыккан кийинки Бухара ханы (1642–1645) Надир Мухаммаддын тапшырмасы боюнча жазылган. Жети томдук бул эмгегин автор 24. 09. 1634-жылы жаза баштап, 1640/41-жылдары бүтүргөн. Ар бир тому 4 бөлүмдөн турган «Бахр ал-асрар» астрономия, тарыхый география, минералогия, ботаника, ветеринария сыяктуу тармактарды камтып, аны жазууда автор Ибн ал-Факихтин «Ахбар ал-булдан», ат-Табаринин «Китаб расул ва-л-мулук ва-л-хулафа», ал-Истахринин «Китаб масалик ал-мамалик», Мухаммад Ауфинин «Джами ал-хикайат», Ата Малик Жувейнинин «Тарих-и жаханкушай», Рашид ад-Диндин «Жами ат-таварих», Мырза Мухаммед Хайдардын «Тарих-и Рашиди» ж. б. Казвини, Абу Райхана Бируни, Шараф ад-Дин Али Йезди, Зайн ад-Дина Васифи сыяктуу араб-перс авторлорунун чыгармаларын кеңири пайдаланган. 1-томдун 1-бөлүмү Чыңгыз хандын, ошондой эле анын Кытай жана Персияда (кара: Иран) бийлик кылган тукумдарынын, 2-бөлүмү Мавераннахр жана Моголстандагы чагатайлардын бийлиги, 3-бөлүмү Жуучу жана Шейбанилердин тарыхтарын камтып, 4-бөлүмүндө аштархандар тууралуу айтылат. Жыйынтыктоочу бөлүмүндө ар кандай түрк урууларынын чыгышы, анын ичинде кыргыздар жана автордун Индияга жасалган саякаты жөнүндө баяндалат. Махмуд ибн Вали кыргыздар (хирхиз) түрк уруусунан болуп, бирок чала мусулман экенин, ар кандай жасалма кудайга (бут) сыйынганда түштүк тарапты карашарын, курандагы келме-аяттардын ордуна башка уккулуктуу сөздөрдү колдонушканын белгилейт. Булардан тышкары эмгекте кыргыз-могол, кыргыздар менен Тахир-хандын байланыштары, уруу башчыларынын аттары, жер-суулардын аталыштары (мисалы, Баласагын, Ахси, Булгар, Түркстан, Кашкар, Анжиян, Ош) жөнүндө кыскача маалыматтар берилген. Кыргыз тарыхын окууда абдан маанилүү тарыхый булактардын бири болуп эсептелет. Кол жазманын бир нускасы Улуу Британиянын Индия бөлүмүнүн китепканасында, экинчиси Өзбекстан илимдер академиясынын Чыгыш таануу институтунун фондунда сакталып турат. Өз алдынча китеп катары 1966-жылы өзбек, 1977-жылы орус тилдеринде жарык көргөн. Мааниси жагынан орус тилине бир нече (мисалы, «Море тайн относительно высоких качеств добродетельных людей», «Море тайн относительно доблестей благородных», «Море тайн относительно достоинств праведников», «Море тайн в познании доблестей благих») аталыштар аркылуу которулган.

Ад.: Махмуд ибн Вали. Море тайн относительно доблестей благородных (география). Т., 1977; Бартольд В. В. Отчет о командировке в Туркестан //Соч. Т. VIII. М., 1973; Машрапов Т. Т. «Бахр ал-асрар фи манакиб ал-ахйар» (География) Махмуда ибн Вали как источник по истории Кыргызстана XVI–XVII вв. // Вопросы востоковедения и востоковедного образования. Вып.1. Б., 2002.
Т. Жуманалиев.