«БЕРЛИН-РИМ ОГУ»
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
«БЕ́РЛИН-РИМ ОГУ» – Германия м-н Италиянын согуштук-саясий союзу; Берлин келишиминин негизинде түзүлгөн (1936). Келишим 5 пункттан турат. Анда тараптар тышкы саясатта позицияларынын төп келерин белгилешкен; Балканда ж-а Дунай дарыяларынын бассейнинде экспансия чөйрөлөрүн чектөөгө макулдашышкан; Испаниядагы фашисттик козголоңчуларга согуштук жардам берүүнү күчөтүүнү белгилешкен. «Берлин-Рим огунан» кийин Германия м-н Япония «Антикомминтерндик пактыга» кол коюшкан (25-октябрь 1936). 1937-жылы 6-ноябрда ага Италия кошулган. Антифашисттик коалицияга кирген мамлекеттердин 2-дүйнөлүк согушта жеңип чыгышы «Берлин-Рим огунун» жоюлушуна алып келген.