«БИШКЕК БАЙПАК»
«БИШКЕК БАЙПАК» – акционердик коом (1992). 1941-жылы эвакуацияланып келген Харьков трикотаж фабрикасынын жабдууларынын базасында Аламүдүн байпак фабрикасы катары негизделген. Адегенде фронт үчүн кийим-кече (чылгоо, ичкийим) чыгарган. 1942-жылдан байпак чыгара баштаган. 1945-жыл ичинде эле кеӊири ассортименттеги жана ар түрдүү материалдан жасалган 5 млн жуп байпак чыгарууга жетишкен. 1970–72-жылы реконструкцияланган. 1983-жылы Фрунзеде жаӊы байпак фабрикасы курулган. 1984-жылы 1-январда Аламүдүн өндүрүштүк бирикмеси болуп кайрадан уюшулган. 1989-жылы Фрунзе байпак фабрикасы Аламүдүн бирикмесинен өзүнчө бөлүнүп чыгып, «Бишкек Байпак» Акционердик Коом болуп түзүлгөн. Өндүрүштүк кубаттуулугу жылына 8360,0 миӊ жуп байпак (2001). Ар түрдүү материалдардан кеӊири ассортименттеги байпактарды чыгарат. Ишкана эл аралык көргөзмөлөрдүн, жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдөгү ярмаркалардын көп жолку катышуучусу, Улуттук өнөр жай ассоциациясынын Алтын медалына татыган (2003).