«БОЗЖИГИТ»
«БОЗЖИГИТ» – лирикалык поэма. Чыгыш эпикалык поэзиясынан алынган. Ашыктык, баатырдык, турмуштук, диний сыпаттагы чыгыштын дастандары Орто Азия элдерине дастан, кысса, хикая деген ат менен тараган. Булар негизинен XIX кылымдын акыры – XX кылымдын башында Уфа, Казань, Оренбург шаарларында басылып чыккан. «Боз жигит» араб, фарсы жана Орто Азиядагы түрк элдеринин тилинде жарык көргөн. Китептин саны аз болгондуктан, алгач кат тааныган сабаттуу адамдар окуп, алар аркылуу оозеки түрдө тарай баштаган. Акындар, чыгармачыл айтуучулар бул сюжеттерди өздөрүнүн алымча, кошумчалары менен ырдап, эл арасына жайылткан. Ошентип, ар кандай варианттары пайда болгон. «Бозжигит» поэмасы 1911-жылы Казань шаарында араб, фарсы тилдеринде басылып чыккан жана кыргыздар арасына тараган. Поэмада анын негизги каармандары Бозжигит менен Сайыпжамалдын ортосундагы улуу махабат баяндалат. Эки ашык бири-бирине жетпей, окуя трагедия менен аяктайт. «Бозжигит» поэмасынын эки нускасы Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын кол жазмалар фондунда сакталып турат.
Г. Орозова.