«БОИНГ»

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

«БО́ИНГ» («The Boeing Company») – АКШнын трансулуттук аэрокосмостук корпорациясы; ошол корпорация жасаган самолёттордун жалпы аты. «Б.» гражд. ж-а аскер самолётторун, телекоммуникациялык спутниктерди, ракета алып жүрүүчүлөрдү, ракетага каршы системаларды иштеп чыгат ж-а жасап чыгарат, бүт дүйнө б-ча самолётторго тех. кызмат көрсөтөт. Штаб-квартирасы Чикаго ш-нда жайгашкан. Корпорация 1916-ж. амер. өндүрүшчү У. Боинг компания катары түзүп, 1961-жылдан азыркыдай аталат. «Б.» бир нече өз алдынча компаниялардан туруп, бири гражд. самолёт, экинчиси аскердик (бомбалагыч, ракеталар ж. б.) техникаларды, учкучсуз учуучу аппараттарды, космостук жабдыктарды чыгарат, космостук маанидеги жабдууларга каражат берет, байланыш каражаттарын иштеп чыгат. «Б.» фирмасынан чыккан «Б.-747-400» (1988-жылдан чыгарылат) жүргүнчүлөр самолёту 400дөй жүргүнчүнү 125 миӊ км аралыкка 940 км/с ылдамдыкта ташууга жөндөмдүү. Учуу массасы 400 тдан ашык. Корпорацияда иштегендердин жалпы саны 159 миӊ кишиге жеткен (2005). Дүйнөнүн 145 өлкөсүндө «Б.» самолёттору пайдаланылат.