«ВЕЧЕРНИЙ БИШКЕК»

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

«ВЕЧЕ́РНИЙ БИШКЕК» – жумасына 5 жолу чыгуучу шаардык гезит. Мурдагы Кыргызстан Коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин Фрунзе шааркому менен эл депутатта­рынын Фрунзе шаардык советинин басма орга­ны катары 1958–1959-жылдары «Вечерняя газета» деген аталышта чыгып турган. 1974-жылдын 1-янва­рынан «Вечерний Фрунзе» аталып, кайрадан жарык көрө баштаган. 1991-жылдан азыркы аталышта. Гезитке «Вечерний Бишкек Басма үйү» жеке акционердик коому ээлик кылат. Негизинен шаар жа­ңылыктары, коомдук-саясий, экономикалык, социалдык маселелер чагылдырылат. Жарнама берилет. Ти­ражы 7 миң (жумалык тиражы – 60 миң).