«ВОЛГА»

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

«ВО́ЛГА» — Нижний Новгород ш-ндагы Горь­кий автомобиль з-ду чыгаруучу орто литражда­гы кыймылдаткычтуу жеңил автомобиль. Ал­гачкы ГАЗ-21 моделин жасап чыгаруу 1956-ж. башталып, 1969-жылдан ГАЗ-24, кийин ГАЗ- 31 маркасы чыга баштаган. Бул автомобиль 5 кишиге ылайыкталган, кузову туташ металл­дан, жабык седан тибинде жасалган. Ага 4 так­тылуу, 4 цилиндрлүү кыймылдаткыч орнотулат. Кыймылдаткычтарынын кубаттуулуктары: ГАЗ-21—55 кВт (75 а. к.), ГАЗ-24—72 кВт (98 а. к.), ГАЗ-31-10—81 кВт (110 а. к.). Арткы дөңгөлөктөрү жетелөөчү болуп эсептелет, 100 км- ге 11–13 л күйүүчү май сарптайт.