«ВОЯДЖЕР»
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
«ВО́ЯДЖЕР» (англ. Voyaqer – саякатчы) – Күн системасынын алыскы планеталарын изилдөөчү америкалык космостук аппараттар сериясы. Массасы 733 кгдай «В.-1» ж-а «Вояджер-2» аппараттары 1977-ж. учурулган. «Вояджер-1» – Юпитерди, Сатурнду (1979–80), ал эми «Вояджер-2» – Юпитерди, Сатурнду, Уранды, Нептунду (1979–89) учуп бара жаткан траекториясынан изилдөө жүргүзгөн.

