«ВЭЙ ШУ»

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

«ВЭЙ ШУ» («Вэй аймагынын тарыхы») – кы­тай тарыхчысы Вэй Шу 551–554-ж. жыйнаган Түн. Вэй падышалыгынын (386–535) тарыхы. 130 главадан турган бул чыгармада Түн. Вэй падышалыгынын байыркы түрк уруулары м-н карым-катнаштарына байланыштуу көптөгөн маалыматтар чагылдырылган.