«ЕДИГЕЙ»
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
«ЕДИГЕ́Й» , «И д и г е» – татар, казак, ногой, башкыр, кара калпак, өзбек ж-а Батыш Сибирдеги түрк элдерине тараган баатырдык эпос. «Е.» эпосунун тарыхый негизи – маӊгыт эмири Едигейдин даражасынын жогорулашы ж-а Темирдин катышуусу м-н анын Алтын Ордонун ханы Токтомушка (14-к-дын аягы) каршы күрөшү. Едигей ж-а анын ата-бабалары м-н укум-тукумдары ж-дөгү жомоктор казактын эпикалык «Кырк баатыр» аттуу жыйнагынын генеал. циклдерине топтолгон.