«ЖАНЫШ-БАЙЫШ»
«ЖАНЫШ-БАЙЫШ» – кыргыз элинин баатырдык дастаны. Ал бир нече кылым оозеки жашап, укумдан-тукумга өтүп, калыптануу ж-а өнүгүү тарыхында ар түрдүү идеялык-филос. ойлор м-н байыган. Мурда анын үзүндүлөрү жөө жомок түрүндө айтылып келген. Пайда болгон доору так эмес. Бирок дастан каармандарына ж-а мазмунуна караганда кийинки доордо эле (16–18-к-да) жаралган болушу мүмкүн. «Ж.-Б-та» кыргыз элинин көз карандысыздыгы үчүн калмак баскынчыларына каршы күрөшү, эркиндик, теңдик ж-дөгү үмүт-тилеги, ой-санаасы айтылат. О. эле баатырдык ж-а акылмандык, адилеттүүлүк ж-а ак ниеттүүлүк сыяктуу адеп-ахлак, санат мотиви да арбын. Дастан эки бир туугандын аты м-н аталат. Бирок экөөнүн дастанда алган орду бирдей эмес. Байышка мүнөздөмө кеңири берилген. Жаныштын аты Байыш м-н бирге айтылса да, ал баш каармандын образын гана толуктайт. Ошондой болсо да эки бир тууган эл мүдөөсүн жогору санаган, эл үчүн кызмат кылган, душманга каршы күрөштө эл башын бириктирип, зор күч топтогон баатырлар катары сүрөттөлөт. Азыр КР УИАнын Кол жазмалар фондусунда дастандын төрт варианты бар. Биринчи вариантын М. Мусулманкуловдон (1922), экинчисин Ж. Жанаевден (1923) К. Мифтаков жазып алган. 3–4-варианты К. Акыев м-н О. Урманбетовдуку. Бир варианты (К. Акыев, 1939, 1970) басмадан чыккан. Булар көркөмдүк сюжеттик-композициялык жактан бири-биринен айырмаланат. К. Акыев бул эпосту Токтогулдан үйрөнгөн. Бул вариант бардык нускалардан көлөмү гана эмес, көркөмдүгү, мазмун-маңызы, каармандардын образдарынын толук ачылышы, баяндоо ыкмасынын ар түрдүүлүгү, көтөрүлгөн идеянын жеткилең баяндалышы, куюлушкан бир кылка уйкаштык, сөз байлыгы, баатырдык теманын жогорку баскычта чечилиши м-н айырмаланат. Дастан К. Акыевдин шакирти Сарыкунандан (Сагынбек Дыйканбаев) Б. Кебекова тарабынан жазылып алынган. Сарыкунан эки жолкусунда (1965, 1967) эки башка айткан, алар көркөмдүк жагынан кескин айырмаланат. Алгач жаздырышында К. Акыевдин вариантынын чегинен көп чыга албаса, кийинкиси өз алдынча варианттык деңгээлге жеткен. «Ж.-Б.» эпосун тарыхый-этногр. жагдайда атайын изилдөөгө алып, проф. И. Молдобаев монография жазган. Р. Кыдырбаева.