«ЖАРДЫ-ЖАЛЧЫ» УЮМУ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
«ЖАРДЫ-ЖАЛЧЫ» УЮМУ – 1920–32-жылдардагы Кырг-ндагы эң кедей дыйкандардын уюму. 1920-ж. январда ВКП(б)нин Кыргыз обл. 5-конф-ясынын чечими б-ча «Кошчу» союзунун ордуна түзүлгөн. Жерсиз ж-а жери аз дыйкандар м-н кембагалдардын кызыкчылыгын коргогон. Коллективдештирүү учурунда көчмөн ж-а жарым көчмөн чарбаларды отурукташтырууда, кыргыз айылдарынын калкын колхоз-совхоздорго тартууда, коллективдүү чарбаларды чыңдоодо чоң роль ойногон. «Ж.-ж.» у-нун 372 ячейкасы болгон. Уюм Кыргыз обкомунун 1932-ж. 5-октябрдагы чечими б-ча жоюлган.