«ЖАР-ЖАР»

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
(«ЖАРЖАР» барагынан багытталды)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

«ЖАР-ЖАР» – байыртан түрк элдеринин үйлөнүү тойлорунда обон менен, кээде айтыштын алым-­сабак түрүндө, кээде жалгыз киши аткаруучу өзүнчө салт ырлар. «Жар-жар» ырлары 11 муундуу негизги бөлүктөн жана 2 муундуу кайталоодон турат (мисалы, «Асмандагы жылдызды сегиз деңер, жар-жар, Сегиз кыздын серкери келди деңер, жар­-жар, Эки жаштын тилегин берди деңер, жар­-жар.»). «Жар-жар» ырларынын жанрдык белгилери – жар көрүүдө, тойдо ырдалышы, кыздын төр­күндөрү менен коштошуусу, бала тилөө мотивде­ринин болушу, обондуулугу, ошондой эле «жар-жар» деген сөздүн ар бир сапта кайталанышы.