«ЖАР-ЖАР»
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
«ЖАР-ЖАР» – байыртан түрк элдеринин үйлөнүү тойлорунда обон менен, кээде айтыштын алым-сабак түрүндө, кээде жалгыз киши аткаруучу өзүнчө салт ырлар. «Жар-жар» ырлары 11 муундуу негизги бөлүктөн жана 2 муундуу кайталоодон турат (мисалы, «Асмандагы жылдызды сегиз деңер, жар-жар, Сегиз кыздын серкери келди деңер, жар-жар, Эки жаштын тилегин берди деңер, жар-жар.»). «Жар-жар» ырларынын жанрдык белгилери – жар көрүүдө, тойдо ырдалышы, кыздын төркүндөрү менен коштошуусу, бала тилөө мотивдеринин болушу, обондуулугу, ошондой эле «жар-жар» деген сөздүн ар бир сапта кайталанышы.