«ЖАШОО ДАРАГЫ»

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

«ЖАШОО ДАРАГЫ» (лат. arbor vitae) – алгач­кы коомдун космогониялык ой жүгүртүүлөрүнөн келип чыккан көркөм өнөрдөгү эң байыркы символдук мотивдердин бири; адам, жаныбар, куштардын тулкусунан турган дарак. «Ж. д.» Байыркы Чыгыштын көркөм өнөрүндө сыйы­нуучу мааниге ээ болгон (883–859; Ашшурна­сирпал IIнин ак сарайындагы ассириялык ре­льеф). Бир аз кечирээк Адам м-н Еванын «таа­нып-билүү» ж-а «жандандыруучу Крест» дарак­тары м-н окшоштурулган (Хильдесхаймс собо­рунун коло эшиктери, 1015). «Ж. д.» эл чыг­лыгындагы сүйүктүү мотивдерден болгон.