«ЖАҢЫЛ»

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

«ЖАҢЫЛ» – кыргыздын «Жаңыл мырза» ат­туу баатырдык дастаны боюнча жазылган драма. Авторлору – К. Маликов, А. Куттубаев. Драма­да баш каарман Жаңылдын өз эл-жерин тыш­кы баскынчылардан коргоодогу эр жүрөктүүлүгү, патриоттук сезими даңазаланат. Драма алгач ирет 1941-жылы Нарын облусунун драма театрында коюл­ган (режиссеру. А. Көбөгөнов). Анда баш каарман­дардын ролун С. Сатыбалдиева (Жаңыл) менен А. Көбөгөнов (Түлкү) аткарган. 1945-жылдан «Жаңыл» Кыргыз мамлекеттик драма театрында да коюла баштап (режиссер А. Свистунов), 1959-жылы жогорку про­фессионалдык деңгээлде коюлган (режиссеру В. Мол­чанов, көркөм жасалгалаган А. Торопов). Бул вариантта баш каарман Жаңылдын образы ар­кылуу драмадагы негизги тема – патриотизм жеткилең иштелип, образдар идеялык жактан ойдогудай жалпыланган. Башкы ролдорду ат­карган Д. Күйүкова (Жаңыл), С. Жаманов (Түл­кү), Н. Кытаев (Калматай), С. Алымкулов (Ман­жы) өңдүү артисттердин да чыгармачылык тажрыйба­сы артып, профессионал даярдыгы

К. Маликов, А. Куттубаев. «Жаңыл Мырза» спектаклинен көрүнүш. Жа­ңыл Мырза – Н. Мамбетова. 1981.

кыйла жо­горулаган.


Ад.: Львов Н. Киргизский театр. М., 1953.