«ЖЕРДИ ПАЙДАЛАНУУ ШЕРИКТЕШТИГИ»

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

«ЖЕРДИ ПАЙДАЛАНУУ ШЕРИКТЕШТИГИ» – а. ч. өндүрүш кооперациясынын Совет бийли­гинин алгачкы жылдарында уюшулган форма­сы; коллективдүү дыйкан чарбасынын бир түрү. Анын мүчөлөрү жер бөлүктөрүн бириктирип, биргелешип иштетишкен. Андан алынган ки­решеге машина, о. эле а. ч. шаймандарын сатып алышып, ал буюмдар коомдун менчиги катары эсептелген. Түшкөн киреше шериктеш­тиктин мүчөлөрүнө коомдук өндүрүшкө жум­шалган эмгек күнгө ж-а эмгектин сапатына, өндүрүш каражаттарынын үлүшүнө, кээде киши башына жараша бөлүнгөн. 30-жылдардын ба­шында колхозго бириккен.