«ЖЕҢИШ» ОРДЕНИ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
«ЖЕҢИШ» ОРДЕНИ – сов. эң жогорку аскердик сыйлык. 1943-ж. 8-ноябрда СССР Жогорку Советинин Президиумунун указы м-н белгиленген. «Ж.» о. Улуу Ата Мекендик согуш мезги-

линде СССР Куралдуу Күчтөрүнүн ири аскердик бирикмелерин (фронтторду) жетекте ген Жогорку Башкы команда курамындагыларга зор операцияларды ийгиликтүү өткөргөндүгү үчүн берилген. «Ж.» о. м-н Сов. Союз. маршалдары Г. К. Жуков (2 жолу), А. М. Василевский (2 жолу), И. С. Конев, Р. Л. Малиновский, К. К. Рокосовский, С. К. Тимошенко, Ф. И. Толбухин, К. А. Мерецковдор сыйланган.