«ЖОЛОЙ ХАН»

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

«ЖОЛОЙ ХАН» – кыргыз элинин баатырдык эпосу. Анда уруулук түзүлүш учурундагы уруу башчыларынын кагылышы, кыргыз ханы Жолойдун өз уруусун коргоодогу баатырдыгы ж-дөгү окуя баяндалган. Өткөн кылымдын орто ченинде немис окумуштуусу В. В. Радлов «Ма­нас», «Төштүк», «Жолой хан» эпосторун ж. б. элдик оозеки чыгармаларды Кырг-нга келген үчүнчү саякатында жазып алган (1869). Ал чы­гармалар «Түндүк түрк урууларынын элдик ада­биятынын үлгүлөрү» аттуу эмгегинин 5-томуна кирген. «Ж. х.» – композициялык түзүлүшү ж-а сюжеттик курулушу жагынан баатырдык жо­моктун мотивиндеги чыгарма. Жомоктук сю­жеттерди айтуучу чыг-лык м-н пайдаланып, эпостун мазмунун байыткан. Дастанда байыр­кы замандагы элдин турмушу чагылдырылып, бара-бара эл арасында эпостук деңгээлге өсүп жеткен. Ал Жолойдун тегерегиндеги хандык­тардын үстөмдүгүнө каршы күрөшү, баатырдын үйлөнүшү ж-а мифтик окуялардын сырдуу, сый­кырдуу жагдайда сүрөттөлүшү өңдүү архаика­лык мазмундагы сюжеттен башталат. «Ж. х.» эпосу азыркы күндө да ил. жактан такталып, дүйнө элдерине тараган көөнөрбөс мурас ката­ры бааланары шексиз.