«ЗАМАНА» АГЫМЫ
«ЗАМАНА» АГЫМЫ , «З а м а н а» п о э з и яс ы – кыргыз ырчылары (төкмөлөр) ж-а акындар (жазма) поэзиясы м-н коомдук-саясий ж-а филос. ой-пикирлерде жашап келген термин. 19- к-дын орто ченинде пайда болуп, 20-к-дын башында, тагыраак айтканда, 1917-ж. Октябрь төңкөрүшүнө чейин ж-а совет доорунда колдонулган. Термин агымдын өкүлдөрүнүн чыгармаларынын аталыштарынан келип чыккан. Адатта Калыгул Бай уулунун (болжол м-н 1785–1855)
«Акыр заман», Арстанбек Буйлаш уулунун (болжол м-н 1824–78) «Тар заман», Молдо Кылычтын (1866–1917) «Зар заман», Алдаш Молдо Жээнике уулунун (1874–1930) «Хал заман», Жеңижок Өтө уулунун (1860–1920), Сагынбай Орозбак уулунун (1867–1930), Тоголок Молдонун (1860–1942) «Замана» аттуу көлөмдүү санат ырлары аталган. Мындай поэзиянын идеялык-тематикалык маңызы м-н мазмуну кыргыз жергесине орус падышачылыгы үстөмдүк кылганга
чейинки турмушту, феодалдык-патриархалдык мамилелерди, ислам жол-жоболору м-н адеп-ахлакты көксөө, көкөлөтүү, орус оторчулугу алып
келген тартиптерди, жер ээлеп алууну, пейилдин, адептин бузулушун сындап-айыптоо катары мүнөздөлүп, түпкүлүгүндө бул багыт зыяндуу, реакциячыл деп бааланган, аталган чыгармаларды басма сөздө жарыялоого тыюу салынган. Совет бийлигинин акыркы, «кайра куруу» деп аталган жылдарында ж-а эгемендүүлүк мезгилинде көркөм өнөргө карата мындай бир беткей саясий-идеол. мамиле четке кагылып, жогоруда саналган ырчылар м-н акындардын чыглыгын калыс, так талдап-баалоого, эмгектерин толук жарыялоого шарт түзүлдү. «Замана» деген түшүнүк бир эле Калыгул, Арстанбек, Молдо Кылыч, Алдаш Молдо, Тоголок Молдо, Жеңижок гана эмес, чыгармалары мурда жарыяланбай, унуткарылып же тыюу салынып келген ырчылар м-н акындарда жыш кездешери айкын болду. «Замана» темасы Молдо Нияздын (болжол м-н 1820–90), Нурмолдонун (1838–
1920), Токтогул Сатылгановдун (1864–1933) санат ырларында да таасын чагылдырылган.
Жалпысынан «З.» а-нын пайда болушуна ж-а
өнүгүшүнө төмөнкүлөр өбөлгө болгон: 1) бул табигый, ички көрүнүш ар бир акыл-эстүү, парасаттуу адамды өзү жашап жаткан заман, анын
өткөн-кеткени, бүгүнкүсү ж-а эртеңи, күңгөй-тескейи ж-дө ойлондурат. Мындай сапат айрыкча ойчул адамдарга мүнөздүү. «З.» а-нын өкүлдөрүнүн бардыгы өзгөчө чыгармачыл кудуретке эгедер адамдар болгон; 2) ойчулдук, кыялдануу жеке адамдарга эле эмес, бүтүндөй элге, жамааттык эс-туюмга да тиешелүү болот. Айталы, ааламдын жаралышы, дүйнөнүн өзгөрүшү, бул дүйнө м-н тигил дүйнө, замандын алмашышы, кечээки м-н келечек, алда качанкы «кой үстүндө торгой жумурткалаган» заман, бүгүнкү «Тар заман» же келе жаткан «Акыр заман», о. эле боло турган «Жыргал заман» ж-дө аңыз кептер, баяндар, көркөм кыялдар ар бир эле элде бар. Мунун улуу үлгүлөрү катары ыйык китептерди – «Куран» м-н «Инжилди» айтсак болот;
3) ислам дининин түрк тилдүү элдерге, а. и. кыргыздарга жетиши, кеңири тарашы м-н «Курандагы» космол., эсхатол. ж-а саясий-укуктук, этикалык жоболор мусулман адамдардын аң-сезимин аныктай баштаган. Бул тууралуу о. кылымдардагы түрк жазма эстеликтери, атап айтканда, Ж. Баласагунинин «Кут алчу билим», А. Йасавинин «Санаттар жыйнагы», А. Югнакинин
«Акыйкат сабагы», С. Бакырганинин «Акыр заман китеби» аттуу дастандары ачык күбө боло алышат; 4) «З.» а-нын пайда болушуна түздөнтүз түрткү берген саясий ж-а диний себептер да болгон. Алар Б. Азияны орус падышачылыгынын акырындап каратып алышы м-н тыгыз байланышкан. Мындай аракет алгачкылардан болуп 18–19-к-да жашаган Букар Жырау (к. Букар ырчы), Нысанбай, Доскожо, Күдөрү, Байтөк сыяктуу көрүнүктүү акындардын нааразы-
чылыгын туудуруп, чыгармаларына өз мөөрүн баскан.
Айрыкча Калыгул, Арстанбек, Молдо Нияздын чыгармаларында эки нерсени – саясатты ж-а диний-этикалык мотивдерди ажыратып кароо керек. Биринчиден, жериңдин башка мамлекет – орус империясы тарабынан басып алынышы ж-дө. Экинчиден, баскынчылар башка диндегилер – «каапырлар», «кайридиндер». Демек, жериң да, элиң да, ниет-пейилиң да эркиндиктен ажырап, көз каранды абалга өтөсүң деген идея өзөк болуп чыгат. Өткөндү, өзүнчөлүктү, нукура кыргыздык м-н мусулманчылыкты көксөө күчөйт. Ошону м-н бирге акырындап Арстанбектин, Молдо Кылычтын, Нурмолдонун чыгармаларында орустарга карата реалисттик мамиле (алардын оң жактарын, айрыкча аскер иши, техника, курал, чарба, билим, башкаруу жаатында алдыга кеткенин моюнга алуу, алар менен эсептешүү, керек болсо үйрөнүү) орун алат. Токтогулдун ырларында алдыга умтулуу, келечектен үмүттөнүү идеялары пайда болот.
Ошентип, «З.» а. мурда, совет доорунда айтылып келгендей, бир өңчөй реакциячыл-диний кубулуш эмес, табияты, келип чыгышы, идеалдары б-ча татаал, карама-каршылыктуу, көп жактуу ж-а көп катмарлуу көрүнүш. Андыктан аны азыр ж-а мындан ары 19–20-к-дагы кыргыз коомундагы филос. агым (мезгил – бул мейкиндик м-н бирге жүрчү филос. түшүнүк) катары кабыл алып, чечмелеп, баалап, мүнөздөп жүрүшүбүз зарыл.
«Замана» агымынын философиясы
«З.» а-нын негизин түзгөн, анын өкүлдөрүн (Калыгул, Арстанбек, Молдо Кылыч) бириктирген нерсе – сынчыл социалдык-филос. көз караштар. «Замана» түшүнүгү кыргыз коомунун белгилүү бир тарыхый этаптагы жалпыланган, бүтүн образын туюнтат. 19-к. кыргыз элин коомдук өнүгүүнүн жаңы тилкесине алып чыккан. Жашоо ыңгайы, турмуш шарты олуттуу өзгөрүүгө учурап, илгертен келаткан каада-салт бузулуп, баалап-барктаган нерселердин кадыры кетип, бедели түшүп, жаңы ой-түшүнүктөр тарала баштаган. Жаңы доордун ак-карасы, жакшы-жаманы ар кандай кабыл алынган.
Калыгул «Азиздер (олуялар, акылмандар) айтып кетиптир» деп баштап, жаңы доорду «акыр заманга» (кыяматка) теңеп, анын болжолун сыпаттаган. «Заман бузулганын», өкүм сүрүп келген коомдук турмуш тартиби кыйраганын белгилейт. «Акыр заман адамынын» терс кыялжоругун (адепсиз, бакыл, жакыр, алым, залым ж. б.) сүрөттөйт. Болочок коомдун терс элесин боолгоп түзөт.
Арстанбек да Калыгулду улап: «Карылардан көп уктук, уламадан сөз уктук» – деп, жаңы доорго карата мурунтан көрөгөч ой-пикирлер айтыла жүргөнүн белгилеп, «акыр заман болгондо» кыргыз эли кыйын турмушка кабылганына бушайман болот. Жаңы коомдук «тар заман»,
«зар заман» катары баалап, заман куурулду,
«Байыркыдан барк кетти, каадалуу нуска нарк кетти»,– деп кейийт.
Коом бир түзүлүштөн башка түзүлүшкө өткөндө баары өзгөрөт, кымбат санаган нерселер кыйрайт, чоочун, жат нерселер көпчүлүктү
үркүтөт. «З.» а. доор алмашкан, коом жаңырган мезгилдин тек-жайын, маани-маңызын баалашка, түшүнүшкө умтулуудан улам калыптанган. Көбүнчө жаңы замандын өзүлөрү терс, жагымсыз деп кабыл алган жактарына басым жасалганы м-н, бирок жүрүп жаткан өзгөрүүлөрдүн дурус жактарын көрүүгө да умтулушат.
А. Эркебаев, Ж. Бөкөшев.