«ИГОРДУН КОШУУНУ ЖӨНҮНДӨ СӨЗ»
«ИГОРДУН КОШУУНУ ЖӨНҮНДӨ СӨЗ» – 12-к-дын аягындагы байыркы орус ад-тынын классикалык чыгармасы; Новгород князы Игорь Святославичтин 1185-ж. кыпчактарга (половецтерге) каршы чабуулу ж-дө белгисиз автор жазган баян. Лирикалык-эпикалык жанрдагы «Сөз» – 12-к-дагы орус, украин ж-а белорус элдеринин орток мурасы. 18-к-дын 90-жылдарында граф А. И. Мусин-Пушкин Ярославль ш-нан таап, азыркы орус тилине которуп, 1800-ж. Москвада басылып чыккан. «Сөздүн» мотивдери ж-а образдары А. Н. Радищев, В. А. Жуковский, А. С. Пушкин, Н. В. Гоголь, К. Ф. Рылеев, Н. М. Языков, А. Н. Островский, А. А. Блоктун чыгармаларында чагылдырылган. Анын негизинде ад-т ж-а иск-во чыгармалары жазылган. «Сөз» кезегинде СССР элдеринин ж-а көп чет тилдерге которулган. В. А. Жуковский, К. Д. Бальмонт, Н. А. Заболоцкий, Л. И. Тимофеев ж. б. «Сөздү» поэзиялаштырган. Анын мотивинин негизинде А. П. Бородин «Князь Игорь» операсын жазган. Кыргыз тилине С. Наматбаев которгон (1986).