«ИЙГИЛИК»

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

«ИЙГИЛИК» – ачык акционердик коом (2004). Чүй обл-нын Москва р-нундагы Беловодск айы­лында кыш з-ду катары негизделип‚ 1936-ж. өз алдынча ишкана статусун алган. Адегенде з-ддун борб. аймагында жалпы көлөмү 1264 м3 тегерек меш салынса‚ 1970-ж. мындай мештен төртөө курулган. З-ддо адеп бардык иш кол күчү м-н бүткөрүлгөн. 1956-жылдан механикалаштыры­ла баштаган. 1996-ж. з-д менчиктештирилген. З-ддо жылына 51 млн 977 миң даана сапаттуу кыш чыгарылат (2004).