«КАБАР» УЛУТТУК МААЛЫМАТ АГЕНТТИГИ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

«КАБАР» УЛУТТУК МААЛЫМАТ АГЕНТТИГИ – КРдин мамл. маалымат органы. КП(б) Кыр­гыз обкомунун 1937-жылдын 17-январындагы токтомуна ылайык Кыргыз ССР ЭКС ошол эле жылдын 28-январында «ТАССтын Кыргыз те­леграф агентствосун уюштуруу жөнүндө» чечим кабыл алган. Кыргыз телеграф агенттиги өз ишинде ТАССка тиешелүү негизги милдеттерди жетекчиликке алган. Респ-нын саясий, экон. ж-а маданий турмушун, коомдук уюмдардын че­чимдерин, иш-аракеттерин, эл чарба пландары­нын аткарылышын, илим-техниканын өнүгү­шүн, мад-т жаңылыктарын, о. эле Совет мам­лекетинин ички ж-а тышкы саясатын ж. б. окуя­ларды кабарлап турган. Бюллетень, маалымат, фотосүрөттөрдү жыйноо ж-а таратуу максатын­да өзүнүн байланыш каражаттары м-н жабдуу­ларын, о. эле Кыргыз ССР Байланыш министр­лигинин радио, телетайп, факс каналдарын пайдаланган. 115 өлкөнүн миңден ашуун агент-


тиктери, маалымат министрликтери, басма сөз, телекөрсөтүү ж-а радиоуктуруу компаниялары КырТАГдын абоненттери болгон. Жылына 800 басма табактан ашуун респ. ж-а чет өлкөлүк маалыматтар кыргыз тилине которулуп турган­дыктан, агенттик респ-дагы котормо ишинин да борборуна айланган. 1992-ж. КР Өкмөтүнүн токтому м-н Кыргыз Телеграф агенттиги мамл. «Кыргызкабар» маалымат агенттиги болуп кай­радан түзүлгөн. 1995-ж. улуттук «Кабар» маа­лымат агенттиги аталган. Иш-аракеттерине олуттуу өзгөртүүлөр киргизилген. Эл аралык маалыматка өз алдынча чыгууга, чет өлкөлөр м-н байланыштарды күчөтүүгө мүмкүнчүлүк бе­рилген. Мекеменин материалдык-тех. базасын чыңдоого 1996-ж. ЮНЕСКОнун көрсөткөн тех. жардамынын натыйжасында Кырг-нда бирин­чи болуп Интернет тармагын өрчүтүүгө көңүл бурулуп, биринчилерден болуп интернетке опе­ративдүү маалыматты кыргыз тилинде чыгар­ган. 1999-ж. Ош ш-нда филиалы ачылып, өлкө­нүн түштүгүнөн маалымат алып туруу мүмкүнчү­лүгүнө ээ болгон. Маалымат талдоо бөлүмү ма­териалдарды иргеп, Интернетке чыгарып, экон., саясий кабарларды, чет өлкөлүк жаңылыктар­ды, о. эле Борб. Азия өлкөлөрүндөгү окуялар­дын күндөлүк баяндамаларын жарыялайт. Маа­лыматтар күн сайын кыргыз, орус, түрк, анг­лис тилдеринде чыгарылат. «Кабар» агенттиги­нин архивинде 50 миңден ашык сүрөт (негатив­дер) сакталып турат. 1997-жылдан британия­лык «Рейтер» маалымат агенттиги «Кабар» агент­тиги м-н кызматташып, спутник байланышы аркылуу күн сайын 200дөн ашык фотосүрөт ж-а тексттик маалымат берип турат. 1998-жыл­дан Кытайдын «Синьхуа» маалымат агенттиги англис, орус ж-а кытай тилдериндеги 300дөн ашуун тексттик маалымат м-н камсыз кылат. Россия, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстандын мамл. агентчиликтери м-н да туруктуу өз ара маалымат алмашуу жүргүзөт. «Кабар» агентти­ги Ислам мамлекеттеринин экон. кызматташ­тык агенттиктери уюмунун, Тынч Океан регио­нунун ж-а Азия өлкөлөрүнүн улуттук агенттик­тери уюмунун мүчөсү. Жетекчилери: М. В. Мо­розов (1937–42), Н. В. Казанский (1942–49), Е. С. Янчик (1949–52), И. Е. Смирнов (1952–58), А. Ю. Сопиев (1958–72), Т. Иманалиев (1972– 86), С. Усупов (1986–92), А. Рыскулов (1992– 95), А. Романов (1995–98), К. А. Таабалдиев (1998– 2007), Н. Момунов (2006–08), Н. А. Идинов (2008–10), Ж. Ш. Турдукожоев (2010-жылдан).

Ж. Тынаев.