«КАБЛАНДЫ»

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

«КАБЛАНДЫ» – казак элинин баатырдык эпо­су. Эпостун 29 варианты белгилүү. Анын жы­йырма алтысында Кабланды баатырдын эр­диктери баяндалат. Эпостун Шапай Калмага­метовдун айтуусундагы вариантынын көлөмү 6490 сап ыр. Бул вариант казак ж-а орус тилде­ринде китеп болуп басылып чыккан ( М., «Нау­ка», 1975). Кабланды – кыпчак уруусунан чык­кан Токторбай байдын баласы. Ал эр жетип чо­ңойгондо жамбы атышууда мөрөй алып Аймак хандын Куртка аттуу кызына үйлөнөт. Каблан­ды калмактар м-н согушта колго түшүп калып, Көбөк баатырдын кызы Карлыганын жардамы м-н туткундан бошонуп, андан соң душмандар­ды талкалап, эл-жерине кайтат. Эпосто башка элдердин баатырдык эпосторундагыдай эле салт­тык мотивдер бар. Мис., Кабландыны атасы Ток­торбай 80 жашка чыкканда көрүшү, Кабланды­нын эрте жетилип, жоого аттанышы, калмак­тардын ичинен «чыккынчынын» чыгышы, баа­тырдык салт б-ча үйлөнүү ж. б.