«КАЙЫҢДЫ-КАНТ»

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

«КАЙЫҢДЫ-КАНТ» (Кайыңды кант заводу) – ачык акционердик коом (1995). 1958-жылдан баштап курула баштаган. 1963-ж. алгачкы кант чыгарылган. 1964–67-ж. эмгек коллективи түзүлүп, адистер даярдалган, тажрыйба топтол­гон, жабдууларды өздөштүрүү ж-а орнотуу иш­тери жүргүзүлгөн. 1968-ж. завод кант кызылча­сын кайра иштетүүнүн суткалык кубаттуулугун жогорулаткан. Бул жылы ишкананын коллек­тиви кызылчадан кант өндүрүүнү өздөштүрүп, алгачкы 14000 т кант чыгарган. Кызылчаны кайра иштетүүчү жабдууну, а. и. өркүндөтүлгөн диффузиондук аппараттарды реконстукциялоо башталган, натыйжада өндүрүмдүүлүк 50%ке жогорулаган. 1971-жылдан өндүрүшкө жаңы техниканы киргизүү б-ча иштер улантылган. 1987-ж. чакмак канттарды таңгактоочу авто­маттар иштей баштаган. Учурда (2009) кумше­кер чыгарууда.