«КАЛЕВАЛА»
«КА́ЛЕВАЛА» – карел-финн элинин эпосу. Перттунен ж. б. айтуучулардан жазылып алынган. Ал карел, ижор ж-а финн ырларынын негизинде финн илимпозу Э. Лённрот 19-к-дын 1-жарымында бир түрдүү баяндоо формасына келтирген. Эпостун биринчи композициясы (32 рун) 1835-ж., экинчиси (50 рун) 1849-ж. басылган. Эпосто элдик муз. аспап – кантелени ойлоп тапкан Вяйнямёйнендин, эл жыргалчылыгынын символу болгон сыйкырдуу тегирмен Сампону салган уста Ильмеринендин, баатыр Лемминкяйнендин, бадачы Куллервонун образдары жогорку көркөмдүктө түзүлгөн. «К.» – амер. акын Р. Лонгфеллонун «Гайават жөнүндө ыр» поэмасынын жаралышына, эстон элинин «Калевипоэг» эпосунун кайрадан иштеп чыгышына таасири тийген. «К.» дүйнөнүн көп тилдерине которулган. 1949-ж. 100 жылдык мааракеси өткөрүлгөн.
Ад.: Киуру Э. С., Мишин А. И. Фольклорные истоки
«Калевалы». Петрозаводск, 2001.