«КАЛЕВИПОЭГ»
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
«КАЛЕВИПО́ЭГ» – эстон элинин улуттук эпосу. Элдик уламыштар м-н ырлардын негизинде акын ж-а коомдук ишмер Ф. Крейцвальд түзгөн ж-а 1857–61-ж. басып чыгарган. Алгач жыйнаган Ф. Р. Фельман (1798–1850). «К-дун» немисче котормосу 1861-ж. жарык көргөн. Эпосто эстон калкынын баскынчыларга каршы күрөшү, мекенди сүйүү, орус эли м-н достук мамиледе болуу, прогресске умтулуу идеялары чагылдырылган. Эпос дүйнөнүн бир топ тилдерине которулган.