АБДРАШЕВ Акунжан

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АБДРАШЕВ Акунжан Баказович [18. 10. 1955, СССР, Кыргыз ССРи, Жалал-Абад облусу, Ленин (азыркы Базар-Коргон) району, Совет айылы) – тарыхчы, саясат таануу илимдеринин доктору (2014), профессор (2016). 1978-жылы СССРдин 50 жылдыгы атындагы Кыргыз Мамлекеттик университеинин тарых факультетин бүтүргөн. 1978–1986-жылдары Жалал-Абад (азыркы Манас) шаарындагы №1 атайын техникалык орто окуу жайында мугалим, директордун орун басары, 1986–1988-жылдары партиянын Жалал-Абад шааркомунда парткабинеттин башчысы, 1988–1994-жылдары Жалал-Абад шаарындагы маданият техникумунун директору, 1994–2000-жылдары Жалал-Абад шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы, 2000–2001-жылдары Жалал-Абад шаарында акимдин орун басары, 2001–2005-жылдары Жалал-Абад облустук билим берүү башкармалыгынын башчысы, 2006–2011-жылдары Кыргыз Республикасынын Билим берүү министрлигинин статс-катчысы, 2011–2016-жылдары Жалал-Абад МУнун ректору, 2016-жылдан Жалал-Абад МУда гуманитардык илимдер жана философия кафедрасынын профессору. Кыргыз Республикасынын Билим берүүсүнүн эмгек сиңирген кызматкери. КМШ өлкөлөрүндөгү билим берүү саясатын изилдеген адис. 80ден ашуун илимий макаланын, 3 илимий монографиянын автору.