АНЖИЯН УЕЗДИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АНЖИЯН УЕЗДИ – 1876–1924-жылы Түркстан генерал-губернаторлугуна караштуу Фергана облусундагы администрациялык-аймактык бирдик. Уезд Кокон хандыгы Россия империясынын курамына киргизилгенден кийин 1876-жылы түзүлгөн. 1897-жылы Анжиян уездинде Алтынкөл, Араван, Айым, Базар-Коргон, Балыкчы, Жалал-Абад, Карасуу, Куршап, Коргон-Дөбө (Тепе), Кокон-Кыштак, Кеңкол-Каракыр, Майкыр, Майлы-Исбакент, Нарын (азыркы Намаган вилояты), Ноокат, Суусамыр, Өзгөн, Чаңкент, Хакул-Абад, Жарбашы аттуу 20 болуштук болуп, 1890-жылы ага Көгарт, Хакан; 1922-жылы дагы Жалал-Кудук, Каракөл-Саруу, Масы деген үч болуштук кошулган.