АШИРАЛИЕВ Жеңишбек Айтынбекович

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АШИРАЛИЕВ Жеңишбек Айтынбекович (1954, СССР, Кыргыз ССРи, Талас облусу, Покров району, Покровка кыштагы – 2016, Бишкек) – философия илимдеринин доктору (2011). 1982-жылы СССРдин 50 жылдыгы атындагы Кыргыз Мамлекеттик университеинин (КМУ) тарых факультетин бүтүргөн. Эмгек жолун Фрунзе шаарындагы Политехникалык институтта окутуучу, улук окутуучу болуп баштап, (Кыргыз-Россия Славян университети) жана Н. Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университети сыяктуу жогорку окуу жайларында философия жана социалдык-гуманитардык илимдер кафедрасында доцеттин ишин аткаруучу, доцент болуп иштеген. Ж. Ашыралиев 50 илимий эмгек, 1 монография, 10 методикалык колдонмонун автору.