БАЗАРОВ Геннадий

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
Геннадий Базаров:«Мурунку кезде москвалыктар кыргыз киносу, анан «Мосфильм» бар деп айтышчу».

БАЗАРОВ Геннадий Садырович (14. 5. 1942-жылы туулган, Нарын облусу, Ат-Башы району, Ат-Башы айылы - 5. 02. 2023, Бишкек) - кинорежиссёр, сценарист, Кыргыз Республикасынын эл артисти (1991), Кыргыз Республикасынын искусствого эмгек сиңирген ишмери (1974). 1966-жылы Москвадагы Бүткүл союздук мамлекеттик кинематография институтун бүткөн. Эмгек жолун 1959-жылы «Кыргызфильм» киностудиясында баш­таган. 1967-жылы «Саманчы жолу» фильмин дип­ломдук иши катары тарткан. «Буктурма» (X. Булатов, Дегальцев, А.Шаршенова, 1966), «Көчө» (М. Гапаров, 1973), «Биринчи» (Г. Базаров, Л. Дядюченко, 1984), «Көз кареги» (Л. Дя­дюченко, 1975), «Каныбек» (К. Өмүркулов, К. Жан­төшевдин романы боюнча), «Айың» (1989), «Аномалия» (1991), «Карагыз» (2005) жана башка көркөм фильм­дерди жана «Антракт» (1994), «Түндө» (1995), «Ис­кусство жөнүндө баян» (1974), «Жазуучу» (1980), «Чыңгыз Айтматов» (1980) кыска метраждуу новелла­ларды, даректүү фильм­дерди жана башкаларды тарткан. Маданият жана искусствонун ишмерлери А. Токомбаев, Н. Байтемиров,

А. Темирова, Г. Ажыбекова жана башкалар жөнүндө портрет галереясын түзгөн, повесттери да бар. Акыр­кы жылдарда Кыргыз телерадиокомпаниясын­да иштеп, автордук «Альтернатива» программасын алып барган. «Ардак Белгиси» ордени менен сыйланган.