БАЗАРТУРУК

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАЗАР-ТУРУК - Нарын облусунун Жумгал районун­дагы кыштак. Жаңы-Арык айыл өкмөтүнө ка­раштуу. Базар-Турук суусунун боюнда, деңиз деңгээлинен 2470 м бийиктикте жайгашкан. Район­дун борбору Чаек кыштагынан 45 км чыгыш тарап­та. Балыкчы теми ржол бекетинен 135 км. Калкы 1101 (2022); негизинен мал чарбасында ж-а дыйканчылыкта эмгектенет. Орто мектеп бар.