БАЗАР-КОРГОН ЧОПО КЕНИ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАЗАР-КОРГОН ЧОПО КЕНИ Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда, Жалал-Абад шаарынан 23 км түндүк-батышта, Кайырма кыштагынын четин­де, деңиз деңгээлинен 700-745 м бийиктикте. 1972-жылы Түштүк Кыргыз геологиялык экспедициясы чалгындаган. Кен аймагын антропогендин кум-шагыл, кумай топурак, борпоң тектери түзөт. Пайдалуу кумай­луу топурак катмары аллювий-пролювий чөгүн­дүсүнөн пайда болгон лёсс сымал чоподон турат. Саргыч боз түстө. Калыңдыгы 20 м ге че­йин, узундугу 1,3 км. 3-4 м тереңдикте чопо ныктал­ган. Гранулометриялык курамы: 0,001 мм — 14,80%; 0,001 - 0,01 мм - 25,43%; 0,01 - 0,25 мм - 59,10%; 0,25 - 0,5 мм - 0,14%; 0,5 мм-ден жогоркусу - 0,43%. Ийилгичтиги 2,02-5,22%. Чоподон «100» маркасындагы кирпич даяр­доого болот. Запасы А+В+С1 категориясы боюнча 898 миң м3.