БАЗИЛИК
БАЗИЛИК (Осіmиm) - өсүмдүктөрдүн эрин гүлдүүлөр тукумунун уруусу. Бадал же чала бадал. Тропик ж-а субтропик алкактарда 150гө жакын жапайы түрү кездешет. Мелүүн климаттуу аймакта эфир майын алуу үчүн айрым түрү өстүрүлөт. Грузияда, Краснодар крайында эвгенол базилиги тоют өсүмдүгү катары эгилет. Анда эфир майы, эвгенол болот. Майы м-н эвгенол парфюмерия ж-а тамак-аш өнөр жайында, ванилин препаратын чыгаруу үчүн медицинада колдонулат. Базилик катар аралыгы иштетилүүчү өсүмдүктөр сыяктуу айдалып, жер семирткичтер м-н азыктандырылат. Жашыл массасы чанагы саргайып, уругу быша баштаганда жыйналат. Огород базилиги негизинен КМШ өлкөлөрүнүн Европа бөлүгүндө өстүрүлүп, тамак-ашка татымал катары кондитер өнөр жайында ж-а ликёр чыгарууда пайдаланылат.