БАЗИЛИКА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАЗИЛИКА (грекче Ьазіііке - падыша үйү) - ичи колонна же катар түркүктөр менен узун бөлүктөргө (нефтерге) бөлүнгөн тик бурчтуу пландагы имарат. Бул нефтер чоң аралыкты тосконго ыңгай­луу болгон; ортоңку неф (эреже катары каптал­дагылардан бийик жана кеңири) каптал бөлүк­төрдөгү терезелер аркылуу жарык кылынган жана апсида менен бүткөн. Базиликага кире бериш жерде туурасынан кеткен эшик асты - нартекс жай­гашкан. Эң алгачкы Базилика Деллос аралында биздин заманга чейин 210-жылы курулган. Рим шаарында Базилика сот жана соода залы болуп кызмат кылган. Христиан дини­нин бекемделиши менен Базилика храмдардын негизги типтеринин бири болуп калган, ал эми борбору неф, апсида - чыгыш жактагы алтарь менен бүткөн. Эң ири алгачкы христиандык Базиликалар бай мозаика менен кооздолгон ж-а IV–VI кылымдарда Рим, Равенна, Константинополь, Сирия жана башкаларда курулган.

Базилика
Париждеги Ыйык Клотильданын базиликасы