БАИРИКИ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАИРИКИ — Кирибати мамлекетинин борбор шаары (1979). Баирики аралында, Тарава атол­лунун (Гилберт аралдар тобуна кирет) түштүк бөлүгүндө жайгашкан. Калкы 44,4 миң (2005). Британия протекторатынын административдик борбору катары 1895-жылы Гилберт ж-а Эллис аралдарында негиз­делген. 1979-жылдан көз каранды эмес мамле­кеттин борбору. Университет (Түштүк-Тынч океан университети­нин филиалы, 1973), улуттук китепкана (1979), шаардан 8 км түндүк-батышта ири деңиз порту ж-а кеме ремонттоочу жайлар (Бетио аралында) бар. Кокос жаңгагынын ж-а балык соода борбору. Япон согуш базасынын калдыктары (согуш техникасы, мемориал багы, синтоизм храмы ж-а көрүстөндөр) сакталган. Баирикиден 16 км чыгышта өлкөнүн маданий борбору (анын ичинде акуланын тиши м-н кооздолгон кылычтар, кокос жаң­гагынан жасалган буюмдар сатылат) жайгаш­кан. Шаардан 20 км чыгышта эл аралык аэропорт бар.