БАЙБАЧА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАЙБАЧА — байдын уулу, мырза. Совет бийлигинин орношу менен тап катары жоюлган бай­лардын тобу менен бирге эле байбача да запкы көрүп, алар менен кошо айдалган, түрмөгө түшкөн. Ай­рымдары кийин Совет бийлигине кызмат өтөшкөн. Бара-бара байбача аталышы колдонуудан чыгып калган.