БАЙБИЧЕ (ЖЕЛАРГЫ) ГРАНИТ—СИЕНИТ КЕНИ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
БАЙБИЧЕ (ЖЕЛАРГЫ) ГРАНИТ—СИЕНИТ КЕНИ Чүй облусунун Кемин районунда, Кемин шаарчасынан 10 км түш.-чыгыш тарапта Байбиченин Соорусу тоосунда. 1961-жылы геологиялык чалгындоо жумуштары жүргүзүлүп, запасы эсептелген. Кен пермь мезгилинде жиреп чыккан гранит-сиенит интрузиясынан турат. Ал ири массивди түзүп, Чүй суусун бойлой жайгашкан. Арасында порфирит дайкалары, көптөгөн кварц-турмалиндүү тарамча тулкулары бар. Гранит-сиенит орто кристаллдуу, катуу, тыгыз, кысууга чыдамдуулугу 2183-2711 кгс/см2. Көлөмдүк массасы 2,6-3,05 г/см3; блоктуулугу 50%. Жүк көтөрүмдүүлүгү жогору болгондуктан, майдаланып темир жолдорго төшөлөт. Баланстык запасы А+В категориясы боюнча 5577 миң м3, С13991 миң м3.