БАЙБУЛАТОВ
БАЙБУЛАТОВ Бегалы [1906, Каракол уезди, Чиркей айылы (азыркы Ысык-Көл облусу, Жаркынбаев айылы) - 1981] - тарых илимдеринин доктору (1968). ВКП(б) БКга караштуу Кызыл профессура институтун (1937), Кыргыз мамлекеттик педагогика институтун (1947) бүтүргөн. 1928-34-жылдарда ВКП(б) Кыргыз обкомунун пропагандисти, ВКП(б) Кызыл-Кыя райкомунун бөлүм башчысы ж-а биринчи секретары, 1937-42-жылдарда Фрунзедеги КомВУЗдун (коммунисттик жогорку окуу жайы) директору. Кыргыз ССР радио комитетинин төрагасы, Ош мугалимдер институтунун директорунун орунбасары, 1942-47-жылдарда Советтик Армиянын катарында кызмат өтөп, Улуу Ата Мекендик согушка катышкан. 1947-52-жылдарда Кыргызстан КП(б) БКнын лектору, Жалал-Абад мугалимдер институтунун директору, 1952- 59-жылдарда Кыргызстан КП БКга караштуу партия тарыхы институтунун директору, 1959-жылдан ошол эле институттун улук илимий кызматкери болуп иштеген. 200дөн ашык илимий эмгектин, анын ичинде 4 монографиянын автору. Эмгектери негизинен Кыргызстан Коммунисттик партиясынын тарыхын, Кыргызстандын тарыхын изилдөөгө арналган. Кызыл Жылдыз, эки «Ардак Белгиси» ордендери ж-а медалдар м-н сыйланган. Эмг.: Социально-экономический строй Киргизии до Великой Октябрьской социалистической революции. Ф., 1958; От кочевья к социализму. Ф., 1969.