БАЙДАМТАЛ ХАЛЦЕДОН КЕНИ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
БАЙДАМТАЛ ХАЛЦЕДОН КЕНИ Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунда, Көгирим (Арал) кыштагынан 25 км аралыкта. 1977-жылы ачылып, изилденген. Кен аймагында доломит м-н кремнийлүү сланец жатат. Алардын кошулган жеринде тектоникалык жарака кетет. Анда халцедон-темирлүү брекчия тилкеси кездешет. Мында кварц сыныктары күрөң, сары-күрөң ж-а кызыл түстөрдөгү аморфтуу халцедон-темирлүү масса м-н камдашып калган. Тилкенин узундугу 150 м ге созулат. Запасы 1000 тдай. Таштан майда кооз буюмдарды жасоого болот.