БАЙЗАКОВ Үсөнбек

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАЙЗАКОВ Үсөнбек (1930-жылы туулган, Жалал-Абад облусу, Токтогул району, Арал кыштагы) - хирург, медицина илимдеринин доктору (1988), профессор(1989). КММИни бүтүргөн (1955). Ошол эле институтта ассистент, доцент, кафедра башчы. 1992-жылдан КММАнын жалпы хирургия кафедрасынын профессору. Илимий иштери хирургиялык эндокринология, кардиология, хирургиялык гастроэнтерологияга арналган. Эмг.: Хирургическое лечение заболеваний щитовидной железы в Киргизстане. Ф., 1988.