БАЙКАЗАКОВ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАЙКАЗАКОВ Молдобай [1887, Чүй облусу, Кемин району, Жаңы-Алыш (мурдагы Сарбагыш) айылы - 1943] - мугалим. Токмок шаарындагы татар мектебин бүтүрүп (1903), 1916-жылы Үркүндө Кытай

жерине эл м-н бирге качып барган. Кытайдан өз айы­лына кайтып келип, муга­лимдик ишин уланткан (1917). 1921-жылы Каракол шаарындагы мугалимдик курсту бүтүрүп, Жаңы-Алыш орто мек­тебинде 1934-жылга чейин му­галим болуп эмгектенген. 1934-жылдан Чоң-Кемин өрөөнүндөгү Карл Маркс атындагы орто мектепте мугалим, мектептин директору болуп 1943-жылга чейин иштеген. Эл агартуу тармагындагы ийгиликтери үчүн 1939-жылы Ленин ордени м-н биринчилерден болуп сыйланган.