БАЙКОНУР
БАЙКОНУР - космостук кемелерди, орбиталык ж-а автоматтык планета аралык станцияларды учуруучу ж-а даярдоочу дүйнөдөгү ири космодромдордун бири. Аянты 6717 км2. Казакстандын Кызыл-Ордо облусундагы Байкоңур шаарынын жанында жайгашкан. 1955-жылы курулуп, 1991-жылы Казакстандын менчигине өткөн ж-а ижара келишими боюнча 20 жылга РФке берилген (2004-ж. ижаранын мөөнөтү 2050-жылга чейин узартылган). Байкоңурдун курамында жеңил, орто ж-а оор класстагы ракета алып жүрүүчүлөрдү («Циклон-М», «Молния», «Восток», «Союз» ж. б.) даярдоочу ж-а учуруучу 9 старттык, 43 техникалык комплекс, 3 май куючу станция ж-а кычкылтек-азот заводу бар. Космодромдун инфраструктурасы 2 аэродром, байланыш, электрдик, суу ж-а жылуулук жабдууларын, ошондой эле авто ж-а темир жол түйүндөрүн камтыйт. Байкоңурдагы алгачкы учуруу сыноолору 1957-жылы май-сентябрь айларында өткөрүлгөн. Ошол эле жылдын 4-октябрында 1-Жердин жасалма спутниги орбитага чыгарылган, 1961-жылы 12-апрелде «Восток» космостук кемеси м-н Ю. А. Гагарин учкан. Байкоңурдан көптөгөн советтик космостук кемелер («Восток», «Восход» ж.б.) ж-а орбиталык станциялар («Салют» ж-а «Мир») ж. б. көптөгөн Жердин жасалма спутниктери учурулган.