БАЙЛАМТА
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
БАЙЛАМТА — суу агынын жөнгө салуучу гидротехникалык курулма. Негизинен сугат тармагында колдонулат. Ал жандама нуктарды бууп, негизги нуктагы сууну көбөйтүү үчүн жасалат. Тоолуу жерде салынган байламта сайдын түбүн жеп кетүүдөн сактайт. Анын таманына, капталдарына атайын таш төшөлүп, чым коюлат.