БАЙЛАНЫШ
БАЙЛАНЫШ ф и л о с о ф и я д а - мейкиндикте ж-а мезгилде бөлүнүп жашаган көрүнүшгөрдүн өз ара шартташы. Адамдын таанып-билүүсү нерселерге тикеден-тике тиешелүү болгон туруктуу байланыштарды ачып көрсөтүүдөн башталат. Ал эми илимдин негизи анын себеп, натыйжаларын талдоодон башталат, ал аркылуу мыйзам ченемдүүлүктөрдү таап берүүгө мүмкүн болот. Таанып-билүүнүн тарыхында нерселердин ж-а көрүнүштөрдүн өз ара жалпы Байланыш принциби диалектиканын негизги жоболорунун биринен, бирок 20-кылымга чейин талкуунун негизги өзөгү өз алдынча Байланыш түшүнүгү же анын логикалык түзүлүшү тууралуу эмес, дал ошол өз ара жалпы Байланыш принциби катарында болуп келген. Илим ички ж-а тышкы көрүнүш, зарылчылык ж-а кокустук, негизги ж-а негизги эмес деген өңдүү анын тар чөйрөсү м-н иш жүргүзүп келген. 19- 20-кылымдарда коомдук, табигый илимдердин өнүгүшү м-н катар түшүнүк бир кыйла кеңейди.
Б. Солтонбеков, Ж. К. Асанов.