БАЙЛАНЫШКАН СИСТЕМАЛАР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАЙЛАНЫШКАН СИСТЕМАЛАР - эки же ан­дан көп эркин даражага ээ термелүүчү системалар жыйындысы. Алар бири-бири м-н өз ара аракеттенишет ж-а ар бири бирден эркин дара­жалуу болот. Мындай системага бир же бир нече термелүү контурлары кирет. Аларда бири-бири м-н байланыш болгондуктан, термелүү ж-а энергия бир контурдан экинчи контурга өтөт. Андагы байланыш жалгыз контурга салыштыр­малуу резонанстык кубулуштун мүнөзүн өзгөр­төт. Байланышкан системалврда качан сырткы таасирдин жышты­гы бүткүл системанын өздүк жыштыгынын бирине дал келгенде резонанс пайда болот. Мисисалы, эки контурдан турган байланышкан системаларда резонанс эки ар кандай жыштыкта пайда болот.