БАЙЛАНЫШ КАБЕЛИ
БАЙЛАНЫШ КАБЕЛИ - сигналдарды электр же оптикалык түрдө өткөрүүчү зым. Ал аркылуу телеграмма ж-а фототелеграмма, телефон аркылуу сүйлөшүүлөр, теле кабар, статистикалык маалымат, теле механикалык системанын сигналдары берилет. Байланыш кабели симметриялуу ж-а коаксиалдуу конструкцияда; берилүүчү жыштык спектри боюнча - төмөнкү (10 кГц тен кичине) ж-а жогорку (10 кГц тен чоң) жыштыктагы; колдонуу тармагына жараша - алыскы (шаар аралык) ж-а жергитликтүү кабель болуп, асма, жер ж-а суу астына орнотулат. Линиянын ток өткөрүүчү бөлүгүнүн диаметри 0,3-1,6 мм жез зымдан жасалып, изоляцияланган зымдары экиден (бир тизмек) ж-а төрттөн (эки тизмек) чыйратылат. Симметриялуу байланыш кабелиндеги түгөйлөш зымдын саны 1-3600гө (тажрыйбалык керме 4800гө), коаксиалдуу байланыш кайбелинде 2-20га жетип, түгөйлөш ар бир керме боюнча 3600гө жакын телефондук сүйлөшүүлөр жүргүзүлөт.