БАЙЛАНЫШ КАНАЛЫ
БАЙЛАНЫШ КАНАЛЫ , б е р ү ү к а н а л ы - ар кандай кабарды бергичтен кабыл алгычка жеткирүүчү техникалык түзүлмөсү бар байланыш аба линиясы. Техникалык түзүлмөлөр (күчөткүч, код түзүүчү түзүлмө ж. б.) байланыш аба линиясынын ортоңку ж-а акыркы пункттарына орнотулат. Кабар берүүчү линия катары асма ж-а кабель зымдары, радио, радиотеле ж-а толкун өткөргүчтөр пайдаланылат. Бергич байланыш каналы кабыл алгычтар биригип, байланыш системасын түзөт. Байланыш каналынын телефон, үн сигналын берүү, телекөрсөтүү, факсимиле, фототелеграф, телеграф каналы деген түрлөрү бар. Телефон каналы үн жыштыгынын 300-3400 Гц диапазонунда 2-100 иштеп, ар бир канал өзгөртүүчү түзүлмөлөрдүн (генератор ж-а модулятор) жардамы м-н 12, 60, 300 каналдуу топторго бөлүнөт. Бир тараптуу байланыш түзүүчү каналдар симплекс, эки тараптуусу дуплекс канал деп аталат. Байланыш каналы м-н электр, акустикалык, оптикалык сигналдар таратылат.