БАЙЛАНЫШ ТАРМАГЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАЙЛАНЫШ ТАРМАГЫ - маалыматты кабыл алуучу, таратуучу техикалык түзүлмөлөрдүн, абонент­тик жаңы байланыш аба линиясынын тутуму. Колдонулган жабдыктын түрүнө жараша почта, радио байланыш, телефон, компьютер байланыш тармагы, ошондой эле зымдуу ж-а зымсыз болуп бөлүнөт. Кийин­ки кезде оптикалык байланыш системалары пайда болгон. Бул системалар оптобулалык кабел­ден ж-а оптоэлектрондук түзүлмөлөрдөн турат.